Жарыяланган
2025-09-09, 15:21Бишкек шаарындагы "Биримдик-Кут" конушунда социалдык объекттерди куруу үчүн бөлүнгөн жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, турак жай массивинин 2012-жылдагы башкы планында 3,5 гектар жер мектеп, спорт комплекси, өрт өчүрүүчү жана трансформатордук станциялар, муниципалдык базар сыяктуу социалдык объекттер үчүн гана каралган.
Бирок тергөө учурунда жооптуу муниципалдык кызматкерлер профилдик мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана аффилирленген жарандар менен тил табышып, бул жерлердин бир бөлүгүн максаттуу багытын бузуу менен жеке менчикке өткөрүшкөнү аныкталган.
Атап айтканда:
- спорт комплексине арналган аянты 0,35 га жер тилкеси Д.Н.А. аттуу жаранга таризделип, андан ары А.у.Э. аттуу жаранга өткөн;
- базар куруу үчүн каралган аянты 0,42 га участок Т.М.А. аттуу жаранга таризделип, андан кийин Р.И.А. аттуу жаранга кайра таризделген;
- трансформатордук станция жана өрт депосу үчүн каралган аянты 0,18 га участок Д.Н.А. аттуу жарандын менчигинде калган.
2025-жылдын 4-сентябрында тинтүү учурунда мыйзамсыз менчиктештирилгенин тастыктаган документтер алынган. Шектүү тараптар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, жер тилкелери өз ыктыяры менен муниципалдык менчикке кайтарылган.