akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-13-05, 14:37

    Кыргызстан балдын экспортун 47%га көбөйтүп, импортту кескин азайтты

    Быйыл 4 айда Кыргызстан 143,7 тонна бал экспорттоду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. 

    Былтыркы жылдын январь-апрель айларына караганда балдын экспорту 45,9 тоннага же 47%га көп болгон. 2024-жылы Кыргызстан чет жакка 97,8 тонна бал саткан.  

     Башкы экспорт багыттары (2025-жылдын 4 айында):

    • Кытай – 82,1 тонна (эн ири импортёр)
    • БАЭ – 24,5 тонна
    • Өзбекстан – 15,1 тонна
    • Кувейт – 4,6 тонна
    • Катар – 6,3 тонна 

    Аталган өлкөлөрдүн ичинен Кытай менен БАЭге экспорт бир топ өскөн. 

    Ошол эле учурда импорт кескин азайган:

    • 2025-жылы – 0,5 тн
    • 2024-жылы  – 44,8 тн