Жарыяланган
2025-23-05, 14:48Акы алынуучу муниципалдык унаа токтотмо жайларда (парковка) акы төлөбөгөндөргө айып салына баштайт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Мыйзамга ылайык, төлөмдү алган жана убакытты эсептеген автоматташтырылган системасы бар акы төлөнүүчү муниципалдык парковкага унаасын койгону үчүн акы төлөөдөн качкан жарандарга 1 миң сом жана юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.
Бул өзгөртүү 2-июндан тарта күчүнө кирет.