Akchabarsearch
“Ынтымак” ААКнын мыйзамсыз менчиктештирген 35.4 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2025-25-08, 16:42

“Ынтымак” ААКнын мыйзамсыз менчиктештирген 35.4 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарында жайгашкан «Ынтымак» ААКнын (мурдагы Балыкчы жашылча-жемиш совхоз-комбинаты) жерлерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган акционердик коом тарабынан Ысык-Көл районунун Ананьево жана Григорьевка айылдарында жайгашкан, жалпы аянты 35.4 гектар болгон көп жылдык бак-дарактары бар жерлерге мыйзамсыз жол менен менчик укугу (кызыл китеп) алынгандыгы аныкталган.

Бул жер тилкелери 2000-жылы Ысык-Көл райондук администрациянын 2000-жылдын 3-майындагы токтомунун негизинде мыйзам бузуу жолу менен берилгени маалым болду.

Натыйжада, ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде жерлер мамлекеттин менчигине кайтарылды.
 


Тектеш материалды окуу