
Жарыяланган
2025-10-11, 11:09Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 80 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган мекеменин уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн ишин каржылоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн боюнча тиешелүү иш-чаралардын алкагында, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо тууралуу Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо максатында жеке ишкерликтин өкүлдөрүнөн акча талап кылуу фактылары аныкталды.
Учурда УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.



