Akchabarsearch
Баткенде аскер бөлүккө таандык жерлер мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2025-10-11, 15:41

Баткенде аскер бөлүккө таандык жерлер мамлекетке кайтарылды

Баткенде аскер бөлүккө таандык жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө чек ара заставаларын уюштуруу үчүн берилген 2,59 гектар жер тилкелери 2001-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Анын жыйынтыгы жана көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 42,1 миллион сомдук жер тилкелер мамлекеттин менчигине кайтарылып, УКМКнын Чек ара кызматынын бир аскер бөлүгүнүн балансына өткөрүлүп берилди.


Тектеш материалды окуу