
Жарыяланган
2025-12-11, 16:42Лейлекте чек ара айылынын тургундары жаңы турак үйлөргө көчүрүлүп баштады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында, Баткен облусунун айрым аймактарын Тажикстан менен алмашуунун натыйжасында, жергиликтүү тургундарды көчүрүү үчүн жаңы турак үйлөрдүн курулушу башталган.
Маалыматка ылайык, бул багытта Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылында 60 үй, Максат айылында 16 үй, жалпы 76 турак жай курулду.
“Турак жай комплекстеринде учурда ички жолдорго асфальт төшөө жана ар бир үйдүн короосуна тосмолорду орнотуу иштери жүрүүдө.
Ошол эле учурда чек ара аймактарынан элдер жаңы үйлөргө көчүп келүүдө. Бүгүнкү күнгө 40ка жакын үй-бүлө келди.
Бул үйлөргө Лейлек районунун чек ара аймактарындагы Максат, Сада, Раззаков, Селкен айылдарынын жашоочулары жайгашууда”, - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин 25-30-октябрь күндөрү Баткен районунун чек ара айылдарынан көчүрүлгөн тургундар Жаңы-Достук айылына жайгаштырылган.



