Akchabarsearch
Баткенде айыл чарба жарманкеси өтүүдө

Жарыяланган

2025-14-11, 12:03

Баткенде айыл чарба жарманкеси өтүүдө

Бүгүн, 14-ноябрда  Баткен районунда ири айыл чарба жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарманкенин негизги максаты - калкты жеткиликтүү жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү фермерлерге өз продукцияларын түз сатууга шарт түзүү. Иш-чарада айыл чарбасына тиешелүү товарлар кеңири ассортиментте базар баасынан бир топ төмөн баада сунушталууда. 

“Уй этине болгон баа бүгүн 640 сомдон коюлуп, эл тарабынан чоң суроо-талап жаратууда. Мындан тышкары жарманкеде төмөнкү азыктар арзандатылган баада сатылууда: 

  •  Ун, буудай, шекер;
  •  Жашылча-жемиштер;
  • Кургатылган жана кайра иштетилген азыктар;

Чарба продукциясынын башка түрлөрү министрликтин билдирүүсүндө, мындай жарманкелер кышкы мезгилге даярдык жана баанын турукташуусун камсыздоо максатында өлкөнүн бардык аймактарында улантылары белгиленет”, - деп жазылат маалыматта


Тектеш материалды окуу