
Жарыяланган
2025-25-11, 09:32Республиканын бардык аймактарында азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай жарманкелер 2026-жылдын июнь айына чейин уланат.
Ар бир районго жарманке өткөрүүгө атайын график боюнча аптанын күндөрү бөлүнгөн. Райондогу тиешелүү кызматкерлер түзүлгөн расписание боюнча жарманке уюштурууга милдеттендирилген. Анда азык-түлүктөр базардагыдан арзан баада сатылып жатат.
Учурда республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары боюнча эч кандай тартыштык жок, азык түлүк кору жетиштүү. Жарманкелер ички рынокту туруктуу камсыздоону улантуу жана жарандарга сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында уюштурулууда.



