
Жарыяланган
2025-12-12, 17:16Кыргызстан Россиядан азык-түлүк гуманитардык жардамын алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1 147 тоннага жакын көлөмдөгү азык-түлүк гуманитардык жардамы келди.
Ал БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу акысыз негизде берилди. Жардам 4 миң 600 аз камсыз болгон үй-бүлөгө багытталат.
Максаттуу үй-бүлөлөргө 300 кг ун жана 30 литр май берилет, ал эми тренингге катышкандар 150 кг ун жана 15 литр май алышат.
Бул долбоорлор азык-түлүк менен гана колдоону көздөбөстөн, коомчулуктун климаттык коркунучтарга туруктуулугун жогорулатууга жана жаңы эмгек мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталганы айтылат.



