Akchabarsearch
Кыргызстан 6 негизги азык-түлүк боюнча өзүн-өзү толук камсыздайт

Жарыяланган

2026-04-02, 17:01

Кыргызстан 6 негизги азык-түлүк боюнча өзүн-өзү толук камсыздайт

2025-жылга карата Кыргызстан тогуз негизги азык-түлүк продуктуларынын ичинен алтоосу боюнча өзүн-өзү толук камсыздоо деңгээлине жетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.

Толук камсыздалган азык-түлүктөр:

•    жашылча жана коон азыктары
•    картошка
•    сүт
•    эт
•    кант
•    жумуртка

Ал эми нан азыктары, өсүмдүк майы жана мөмө-жемиштер боюнча ички муктаждык азырынча жарым-жартылай импорттун эсебинен жабылууда.

Ошол эле учурда, акыркы алты жыл ичинде өзүн-өзү камсыз кылуу көрсөткүчү бир катар азык-түлүктөр боюнча олуттуу өскөн:

•    сүт: 2020-жылдагы 112%дан 2025-жылы 127.3%га чейин;
•    эт: 63.6%дан 85.7%га чейин;
•    кант: 15%дан 82,1%га чейин;
•    жумуртка: 56.4%дан 79.8%га чейин;
•    өсүмдүк майы: 34%дан 51.7%га чейин;
•    мөмө-жемиштер: 15%дан 51.4%га чейин жогорулаган.

 


Тектеш материалды окуу