Akchabarsearch
Баткенде мыйзамсыз курулуш боюнча эскертүү берилип, айып пул салынды

Жарыяланган

2025-02-12, 11:02

Баткенде мыйзамсыз курулуш боюнча эскертүү берилип, айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз курулуш боюнча эскертүү берилип, айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсүндө курулуп жаткан ашкананын экинчи кабаты боюнча тиешелүү архитектуралык документтери жок курулуш-монтаждоо жумуштары башталгандыгы, мындан тышкары техникалык коопсуздук эрежелери толук аткарылбагандыгы аныкталды.

Натыйжада ашкананын ээсине карата башкармалык тарабынан акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле 200 миң сом айып салынды. Мындан сырткары, ашкананын экинчи кабатындагы курулуш иштери боюнча тиешелүү документтерди алуу талабы коюлду.

Министрлик бардык куруучуларды курулуш иштерин мыйзам чегинде гана жүргүзүүгө чакырат. 


Тектеш материалды окуу