
Жарыяланган
2026-18-03, 16:15Мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан эки төлөм уюмуна айып пул салынды.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында аталган уюмдар тарабынан белгиленген талаптар сакталбаганы аныкталган.
Мунун негизинде аларга административдик чара көрүлүп, жалпы суммасы 550 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Учурда финансылык рынокто мыйзам талаптарын сактоо жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында көзөмөл күчөтүлүп жатканы белгиленди.



