Akchabarsearch
Чүйдө аквапарк жана завод курулушунда мыйзам бузуу — 1 млн сом айып салынды

Жарыяланган

2026-01-07, 18:02

Чүйдө аквапарк жана завод курулушунда мыйзам бузуу — 1 млн сом айып салынды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы аквапарк, газоблок чыгаруучу завод жана логистикалык-соода борборундагы кампалардын курулушунда мыйзам бузуу аныкталды.

Текшерүүдө бул объектилерде курулуш-монтаж иштер Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жүргүзүлгөнү белгилүү болду. Бул — курулуш мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналат.

Белгилүү болгондой, бул объектилерде курулуш-монтаж иштер Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жүргүзүлгөн. Бул мыйзам талаптарына каршы келет.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн тараптарга протокол түзүлүп, жалпы 1 млн сом айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
 


Тектеш материалды окуу