Akchabarsearch
Манаста мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Жарыяланган

2026-16-03, 11:36

Манаста мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Манас шаарындагы курулуш объектилери боюнча пландан тышкары рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн алкагында Мамыр-Баатыр көчөсүндө жайгашкан 14 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу боюнча тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок экендиги аныкталды. 

Долбоордук-сметалык документтерге мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок туруп, жер казуудан кийинки пайдубал плитасын бетондоо иштери аткарылып жаткандыгы белгилүү болду.

Ошондой эле объект курулуп жаткан объекттердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине катталган эмес. Мындан сырткары текшерүү учурунда эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелеринин одоно бузулушу аныкталып, бул жумушчулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратаары айтылды.

Белгилей кетсек, аталган курулуш обьектиси боюнча буга чейин 10-февралда Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан мыйзам бузууларды четтетүү боюнча эскертүү берилген. Бирок белгиленген мөөнөттө бул талаптар аткарылган эмес.

Натыйжада, курулуш иштери көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар жоюлганга чейин токтотулуп, “Легион Констракшн” ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.


Тектеш материалды окуу