
Жарыяланган
2026-06-03, 18:03Бишкекте төлөм уюмуна айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, уюм мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген.
Уюмга 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бул уюмдун аталышы маалыматта көрсөтүлгөн эмес.



