
Жарыяланган
2026-27-02, 09:22Баткен облусунда 54 587 даана акылдуу эсептегич орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, акылдуу эсептегичти ортонотуу иштери Баткен электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.
Облус ичиндеги райондорго төмөнкүдөй көрсөткүчтө орнотуу иштери жүргүзүлөт:
• Кызыл-Кыя райондук электр тармагы- 10 150 даана
• Кадамжай райондук электр тармагы – 14 530 даана
• Лейлек райондук электр тармагы – 14 105 даана
• Сүлүктү райондук электр тармагы – 15 193 даана
Учурда Баткен электр тармактар ишканасында 130 668 абонент катталган. Анын ичинен:
• 121 149 — калк абоненттери,
• 9 519 — калк эмес абоненттер.

