Akchabarsearch
Таластагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2025-11-12, 12:42

Таластагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Талас облусунун Манас районунда жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7,28 гектар аянттагы муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз өткөрүп берүү аныкталган.

Натыйжада УКМК жер тилкесин  мамлекеттин балансына кайтарып берди.

УКМК Жер кодексин бузууларга жол бербөө жана мамлекеттик мүлктү ээлеп алуу аракеттерине бөгөт коюу жөнүндө эскертет.


Тектеш материалды окуу