
Жарыяланган
2026-16-01, 13:31Кызыл-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн Жети-Өгүз районунан 11 гектар жер тилкесин сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган.
Сатып алуунун болжолдуу баасы 15 млн 730 миң сомду түзөт.
Тендер боюнча арыздар 21-январга чейин кабыл алынат.




