Akchabarsearch
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан гана бюджетти профицит менен аткарды
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-25-08, 15:07

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан гана бюджетти профицит менен аткарды

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен республикалык бюджети профицит менен аяктаган жалгыз өлкө — Кыргызстан болду. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.

Январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын кирешеси 278.9 млрд сомду ($3.2 млрд) түзүп, чыгашасы 224.8 млрд сомду ($2.6 млрд) түзгөн. Натыйжада, бюджеттик профицит 54 млрд сомго же $600 млнго жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1.8 эсеге көп. 2024-жылы 30 млрд сом, же $300 млн түзгөн.

Башка союздаш өлкөлөрдө абал анча жакшы болгон жок. Арменияда профицит  $100 млн дефицит менен алмашылды. Казакстан дефицитти $3 млрдга кыскартты. Ал эми Россияда терс сальдо 4.4 эсеге көбөйүп,  $51.2 млрдга жетти.
 


Тектеш материалды окуу