
Жарыяланган
2026-22-10, 17:322026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанга чет жактан 3.24 млрд сомго кумшекер импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Маалым болгондой, сегиз айда өлкөгө 68.6 миң тоннага жакын кумшекер импорттолгон. Кумшекер Кыргызстанга 10дон ашык өлкөдөн сатып келинген.
2025-жылдын сегиз айына караганда кумшекердин импорту 3.7 эсе же дээрлик 50 миң тоннага көбөйгөн. Былтыр январь-август айларында Кыргызстанга 18.6 мин тонна кумшекер импорттолгон.



