Akchabarsearch
MBusiness бизнес-кредиттерди жылдык 16% менен онлайн кайра каржылоону ишке киргизди

Жарыяланган

2026-22-10, 15:34

MBusiness бизнес-кредиттерди жылдык 16% менен онлайн кайра каржылоону ишке киргизди

Эми ишкерлер башка банктан алган учурдагы бизнес-кредитин жылдык 16% үстөк чен менен MBusiness'ке которо алышат. Арыз MBusiness колдонмосу аркылуу онлайн берилет.

Көптөгөн ишкерлер насыяларын жогорку үстөк чен менен төлөп келишет. Натыйжада кирешесинин олуттуу бөлүгү кредитти төлөөгө жумшалып, ай сайынкы төлөмдүн жогору болушу бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн чектейт.

MBusiness'теги онлайн кайра каржылоо бул жүктү азайтууга жардам берет. Насыяны жылдык 16% үстөк чен менен которуу ай сайынкы төлөмдү жана жалпы ашыкча төлөмдүн суммасын азайтууга мүмкүндүк берет.

Үнөмдөлгөн каражат бизнесиңизде калат. Аны товар сатып алууга, жүгүртүү каражатын толуктоого жана компанияны өнүктүрүүгө жумшасаңыз болот.

Кайра каржылоодон кийин кредит MBANK аркылуу тейленет, ал эми бардык операцияларды MBusiness колдонмосунан жүргүзүүгө болот.

Мурда жаңы кредит алуу үчүн убакыт коротуп, банкка баруу керек болчу. Азыр арызды түз эле MBusiness колдонмосунан берип, 7 секундда чечим ала аласыз.

Кайра каржылоону кантип тариздөө керек?

• MBusiness колдонмосун ачыңыз.
• «Кредиттер» бөлүмүнө өтүңүз.
• Арызды онлайн тапшырыңыз.
• 7 секундда чечим алыңыз.
• Башка банктардагы кредиттериңизди которуп, төлөмдөрдү кыйла пайдалуу шарттарда улантыңыз.

Башка банктардан алынган бардык бизнес-кредиттерди жана агрокредиттерди кайра каржылоого болот:

• Жеке ишкерлер үчүн 200 миң сомго чейин: MBusiness колдонмосу аркылуу толугу менен онлайн таризделет.
• Жеке ишкерлер үчүн 200 миңден 500 миң сомго чейин: чечим онлайн кабыл алынат, ал эми тариздөө банктын кеңсесинде жүргүзүлөт.
• Юридикалык жактар үчүн: арыз онлайн берилет, чечим банктын бөлүмүндө кабыл алынат.

Төлөмүңүздү азайтып, бизнесиңизди өнүктүрүүгө көбүрөөк каражат жумшаңыз. Анткени кредитти MBANK аркылуу төлөө пайдалуу!

MBANK — биринчи санариптик банк. Кыргызстанда жасалган!

КР Улуттук банкынын №014 лицензиясы.


Тектеш материалды окуу