Akchabarsearch
Тапканым айдан айга жетпей жатса, орточо айлык 55 миң сомдон ашты дейби...

Жарыяланган

2026-22-10, 18:08

Тапканым айдан айга жетпей жатса, орточо айлык 55 миң сомдон ашты дейби...

Кыргызстанда орточо айлык акы 55 миң сомдон ашты! Бул - Статистика комитетинин маалыматы. "Мен анча айлык албасам, 55 миң сом кайдан чыкты?" деп таң калгандар болот чыгар. Азыр орточо айлык акы кантип эсептелинерин айтып беребиз.

Мисалы бир компанияда 20 киши иштейт дейли. Компания ошол 20 адамдын айлыгына, киреше салыгына, сый акысына, эмгек өргүүгө чыкканда берилген төлөмгө, Соцфондго төлөгөнгө деп бир айда жалпы 1.5 млн сом коротот.

Орточо маянаны эсептеп жатканда, ошол 1.5 млн сом жанагы 20 кишиге бөлүштүрүлөт. Ошондо алардын орточо айлыгы 75 миң сом болуп чыга келет. Болбосо бирөө 30 миң, дагы бирөө 35 миң, башкасы 200 миң сом алат.

Ага кошо орточо 75 миң сомдун ичинде ошол эле кармала элек салык, Соцфондго төлөнө турган акча бар.

Ушул орточо айлыкты эсептеген Статистика комитети "орточо маяна 55 миң сомдон ашты" десе, аны баары алат деп айтып жатат деп түшүнбөш керек дейт.

Аталган мекеме билдиргендей, орточо айлык экономиканын өнүгүшүн баалоо үчүн керек болгон көрсөткүч.


Тектеш материалды окуу