Akchabarsearch
Нариман Түлеевге "Дос-Кредобанктын" 5.3% акциясы, уулуна 12.9% акция өттү

Жарыяланган

2025-10-06, 18:25

Нариман Түлеевге "Дос-Кредобанктын" 5.3% акциясы, уулуна 12.9% акция өттү

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев менен анын уулу Бакыт Нариман уулуна "Дос-Кредобанктын" акциялары өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат. 

Маалыматка ылайык, Бакыт Нариман уулуна "Дос-Кредобанктын" 273 миң 146 даана энчилүү акциясы өттү. Бул акциялар банктын уставдык капиталынын 12.88%ын түзөт.

Ошондой эле Нариман Түлеевге 112 миң 335 даана энчилүү акция өткөн. Ал банктын уставдык капиталынын 5.3%ын түзөт. 

Эскерте кетсек, Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары Бишкектин мэри болгон. Анын уулу Бакыт Нариман уулу "Дос-Кредобанктын" Директорлор кеңешинин төрагасы болуп саналат.

2016-жылы Бакыт Нариман уулу "Дос-Кредобанктын" 49.71% акциясына ээлик кылып турган. 2021-жылы анын акциялары дагы 14.22%га көбөйгөн.  


Тектеш материалды окуу