akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-02-05, 09:52

    Майда жарандар үчүн газдын баасы канчага кымбаттады? Жаңыланган тариф

    "Газпром Кыргызстан" май айы үчүн көгүлтүр оттун баасы канча болорун жарыялады. 

    Компаниянын расмий сайтындагы маалымат боюнча, жарандар майда 1 куб метр газ үчүн 22.7041 сомдон төлөйт. Апрелде баа 21.9209 сом болгон. Өткөн айга караганда тариф 0.78 тыйынга кымбаттады. 

    Ал эми юридикалык жактар (салыктарды эске албаганда) үчүн майда 1 куб метр газдын баасы 24.2504 сом болот. 

    Эскерте кетсек, "Газпром Кыргызстан" сом менен доллардын Кыргызстандагы расмий курсуна жараша газдын баасын ай сайын кайра эсептеп турат.