Негизделген жылы1997 | Башкы кеңсеси | Кыргызская Республика, г. Бишкек, пр. Чуй, 92, 6-й этаж |
Телефон | +996 (312) 98 69 89 | |
КР Улуттук банктын лицензиясы№ 037, 037/1 | Сайт | www.dcb.kg |
office@doscredobank.kg |
«Дос-Кредобанк» Ачык акционердик коому 1997-жылы июнда негизделген. Банктын уюштуруучулары жана акционерлери Кыргыз Республикасынын резиденттери жеке жана юридикалык жактар. Банктын ишмердиги КР Улуттук банкынын №037 башкы лицензиясы менен тастыкталган.
Замандын талабына жараша өнүгүү менен банк баардык банктык кызматтар менен операцияларды жасап келет. «Дос-Кредобанк» алгачкы ишмердигинен тартып, кыргызстандын экономикасына өзүнүн жакшы салымын кошууга аракеттенген, жаңы жумуш ордун түзүүгө, ишкерлер менен бизнес чөйрөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багыт алган банк.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы талап кылган баардык экономикалык ченемдик актылар, милдетүү резервди кармоону шайкеш келтирип, талапка ылайык кармаган банк. Банктын финансалык туруктуулугу жыл сайын көз карандысыз тышкы аудиторлор жүргүзгөн текшерүү менен тастыкталып келет.
Жыл сайын жаңы банк технологиялары менен тейлөөлор сунушталып, кызматтардын түрлөрү көбөйүп, кардарлардын базасы көбөйүүдө.