Халык Банк Кыргызстан

Банкты баалоо үчүн сиз төмөндөгүлөрдү аткарыңыз Facebook аркылуу катталуу
Халык Банк Кыргызстан логотип

Банк тууралуу маалымат

Башкы кеңсесиг. Бишкек, ул. Фрунзе, 390
Телефон+996 (312) 323-599
Сайтwww.halykbank.kg
E-mailhalyk@halykbank.kg

«Халык Банк Кыргызстан» Ачык акционердик коому «Кайрат Банк» АООТ акциясынын 100% Казакстан Республикасынын банк рыногундагы лидерлердин бири «Казакстандын Элдик Банкы» АКсы сатып алгандан кийин түзүлгөн. (Юридикалык жактын мамлекеттик кайра катталуусу туурасында күбөлүк, №076929 сериясы ГПР 23-декабрь 2004-ж.).

«Халык Банк Кыргызстан» Ачык акционердик коому кайра аталганга чейин «Кайрат Банк» Ачык типтеги акционердик коому деген аталышта болгон, жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын түзүлүшүндөгү пионерлердин бири «Максат» АКБ реструктуризациялоо жолу менен, 1999-жылы 16-апрелде түзүлгөн, 2001-жылы март айынан баштап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылы 9-марттагы №87 Токтомуна ылайык, «Кайрат Банк» Ачык типтеги акционердик коомунун жалгыз акционери КР Өкмөтү болгон жана андан кийин кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Мамлекеттик комитетине берилген.

2004-жылдын башталышында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Кайрат Банк» АТАК менчиктештирүү туурасындагы чечимин кабыл алган. «Кайрат Банк» АТАК менчиктештирүүнүн негизги максаты болуп, банктын андан аркы өнүгүшүн камсыз кыла турган стратегиялык инвесторлорду тартуу болуп саналат, бул банк ишмердүүлүгүнө жаңы технологияларды жана натыйжалуу менеджменти тажрыйбасын алып келүүгө мүмкүндүк берет. Тендер жүргүзүлгөндөн кийин жеңүүчү деп «Народный Банк Казахстана» АКсы жарыяланган.

Ошентип, 2004-жылы 5-октябрда , Кыргыз Фонд Биржасында 500 (беш жүз) сом номиналдык баасы менен жөнөкөй акциялардан 340 000 (үч жүз кырк миң) даана сатуу боюнча келишим түзгөн, ал «Кайрат Банк» АТАК тын уставдык капиталынын 100% (жүз) пайызын түзөт, ал кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен «Казакстан Элдик Банкы» АК ортосунда түзүлгөн, ал төмөнкү даректе жайгашкан: Казакстан Республикасы, Алматы ш., Аль-Фараби пр., 40, инд. 050059.

«Кайрат Банк» АООТ акциясынын 100% Казакстан Республикасынын банк рыногундагы лидерлердин бири «Казакстандын Элдик Банкы» АК сатып алганына байланыштуу, Банк юридикалык жакты КР Юстиция министрлигинде кайра каттоо жүргүздү (Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо тууралуу Күбөлүк, №076929Ю ГПР сериясы, 23-декабрь 2004-жыл) жана ушул учурдан баштап ал «Халык Банк Кыргызстан» ААКы деп аталып калды.

Бүгүнкү күнү «Халык Банк Кыргызстан» ААК Бишкек шаарында башкы кеңсеси жана Бишкек шаарында төрт филиалы бар, областтын борборлорунда - Ош шаарында, Жалал-Абад шаарында бирден, Кара-Суу шаарында, райондук борборлор Кара-Балта шаарында, Каракол шаарында, Чолпон-Ата шарында бирден филиалдары жана Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Өзгөн жана Ноокат шаарларында аманат кассалары жайгашкан. Мындан тышкары көчмөн аманат кассалары Ош шаарында жайгашкан.

«Халык Банк Кыргызстан» ААК депозиттер, насыялоо, валюталык операцияларды жүргүзүү жана баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензия алган. Калкка, мекемелерге жана ишканаларга, өкмөттүк жана өкмөттүк эмес мекемелерге банк (каржы) кызматын көргөзүү тармагында Банк ийгиликтүү иштеп келе жатат.

Банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ, анын негизинде улуттук жана чет элдик валютада банк операцияларын жүргүзө алат. Ишмердүүлүгүнүн түрү боюнча «Халык Банк Кыргызстан» ААК универсалдык банкынын статусуна ээ жана өз ишмердүүлүгүн № 044 банк лицензиянын негизинде алып барат. Эл аралык эсеп менен кардарларды тейлөө үчүн Германиянын, АКШнын, Россиянын жана Казакстандын ири банктары менен корреспонденттик мамилелер орнотулган.

«Халык Банк Кыргызстан» ААК S.W.I.F.T. коомунун мүчөсү болгон Кыргыз Республикасындагы биринчи коммерциялык банк болуп саналат.

Төлөм карты тейлөө

Финансалык көрсөткүч

Аралыктагы актвдери Сентябрь 2023 жылы

16 860 816

миң.сом
Аралыктагы кирешеси Сентябрь 2023 жылы

275 858

миң.сом

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы