«Түндүк» электрондук маалымат алмашуу тутуму Эстонияда жеңишке жетишти

22.05.2019, 09:53 Акчабар
«Түндүк» электрондук маалымат алмашуу тутуму Эстонияда жеңишке жетишти

Жыл сайын эстон Академиясы электрондук башкаруу  (E-GA)  боюнча мыкты  долбоорду аныктайт.  Бул IT-технологиясында эң абройлу сынак. Анда «Түндүк» маалымат алмашуу электрондук  системасы эң мыкты деп таанылды. Бул тууралуу «Түндүк» электрондук тутумунун жетекчиси  Нурия Кутанаева билдирирди. 

2019-жылдын 21-майда Эстониядагы баш байгекни тапшыруу аземине 500 делегат, 130 мамлекеттен катышкан. Анда БУУ менен Евро Биримдигинин өкүлдөрү дагы катышкан. 


 «Сыйлык алгандан кийин бизге башка мамлекеттин өкүлдөрү келип, биздин тажрыййба менен бөлүшүнү өтүнүп турушту.Сиздерге түшүнүктүү болушу үчүн айтып жатам. Алар Польша менен Швейцариянын өкүлдөрү»-деп билдирген өзүнүн социалдык баракчасында Нурия Кутанева. 


Жыл ичинде мамлекеттик органдар арасындагы маалымат алмашууга 19 орган катышып, «Түндүк» электрондук маалымат алмашуу системасына кошулган. Эгерде мартта 400 миң алмашчу маалымат болсо, апрелде анын саны 700 миңге жеткен. Бул кыргызстандын санариптештирүүдөгү эң жогорку кадамы жана жеңиши деп жазган ал өздүк баракчасына. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу