18:00гө карата Кыргызстанда 1 млн 594 миң 802 шайлоочу добуш берди

04.10.2020, 19:05 Акчабар
18:00гө карата Кыргызстанда 1 млн 594 миң 802 шайлоочу добуш берди

Бүгүнкү парламенттик шайлоодо саат 18:00гө карата Кыргызстанда 1 млн 594 миң 802 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары журналисттерге жооп берип жатып Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, саат 18:00гө карата добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 45,26%ын түзөт.

"Бишкек 223 миң 119 шайлоочу, Ош шаарында - 101 миң 271, Жалал-Абад облусунда - 303 миң 450, Ысык-Көл облусунда - 117 миң 450, Нарын облусунда - 79 миң 939, Ош облусунда - 317 миң 927, Баткен облусунда - 115 миң 358, Талас облусунда - 69 миң 263, Чүй облусунда 260 миң 471 шайлоочу добуш беришти", - деди ал.

Ал эми чет өлкөлөрдө шайлоочулардын тизмесине кирген 32 миң 602 шайлоочунун 6 миң 554ү добуш берген.

Жалпы шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 532 киши киргизилген.

Тэги: миллион шайлоочу Шайлоо-2020

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу