10 ай иичнде Кыргызстанда азык-түлүк баалары 9,6%га өскөн

13.11.2020, 14:30 Акчабар
10 ай иичнде Кыргызстанда азык-түлүк баалары 9,6%га өскөн

Быйыл январь-октябрь айларында (2019-жылдын декабрь айына салыштырмалуу) өлкө боюнча керектөөчү баалар 5,3%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ошол эле учурда азык-түлүк менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 9,6%га, ичимдиктер менен тамеки продукциясы 5,8%га, кызмат көрсөтүү 1,7%га жана азык-түлүк эмес товарлардын баалары 0,5%га кымбаттаган.

Баалардын кымбатташынын эң жогорку көрсөткүчү Талас облусунда белгиленген (8,5%га). Ал Талас облусунда азык-түлүк менен алкоголсуз суусундуктардын баасынын 16,6%га кымбатташы менен шартталган.

Тэги: январь-октябрь керектөөчү баалар статистика комитети

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу