Кытай тараптын демилгеси менен КЭРде “Эмгек күнүн” майрамдоого байланыштуу 1-майда “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрүү пункттары 2-майдан тарта иштеп баштайт.