Боом капчыгайында эртеңден тарта 11-майга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Таш кулатуу иштерине байланыштуу жол эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин маал-маалы менен жабылып турат.
Айдоочулар каттамды алдын ала пландап алышы шарт.