Барак эксклавынан көчүп чыккандар үчүн жаңы айылдын курулушу башталды

06.05.2024, 18:00 Акчабар
Барак эксклавынан көчүп чыккандар үчүн жаңы айылдын курулушу башталды

Барак эксклавынан көчүп чыккандар үчүн жаңы айылдын курулушу башталды. Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, Садыр Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жаңы-Барак айылынын түптөлүшүнө капсула салды.

Планга ылайык, аталган жаңы айыл 38 гектар жерге курулат. Анын алкагында 164 жаранга үй куруу үчүн 8 сотыхтан жер тилкесин берүү, 101 жаңы үйдүн курулушу, ошондой эле жашы жеткен балдарга участок бөлүп берүү каралган.

Үйлөрдүн курулушун 31-августка чейин бүтүрүү пландалууда.

Тэги: Барак эксклавы капсула президент курулуш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу