Кыргызстанда 17,8 млн сомго детективдик сериал тартылат

06.05.2024, 17:33 Акчабар
Кыргызстанда 17,8 млн сомго детективдик сериал тартылат

Маданият министрлиги 17,8 млн сомго детективдик сериал тартууну пландоодо. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Бекитилген адабий сценарийдин негизинде “Тайган туйгун” көркөм сериалын уюштуруу жана тартуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендер жарыяланды. Сериалдын жанры детектив.

Тендерди Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин “Кыргызсериал” чыгармачылык өндүрүштүк бирикмеси мамлекеттик мекемеси жарыялаган. 

Сметалык баасы 17 млн ​​881 миң 817,8 сом, сынактык арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 10-майга чейин. 

Тэги: детектив сериал кыргызфильм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу