Билим берүү жана илим министрлиги жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан эмгек ресурстарынын суроо-талабын божомолдоо ыкмасынын негизинде 2018-2022-жылдарга карата адистиктердин суроо-талап картасы жаңыланды.
Талдоонун жыйынтыгы боюнча эмгек рыногунда артыкчылыктуу жана суроо-талап жогору адистиктер катары бул мезгилде өнөр жай, билим берүү, курулуш, айыл чарба, медицина тармактары болот.
«Бүгүнкү күнү суроо-талап жогору 10 адистикке төмөнкүлөр кирет: маалыматтык коопсуздук, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш тутуму, тоо-кен иши, геологиялык чалгындоо технологиясы, технологиялык машиналар жана жабдуулар, медицина, менеджмент жана маркетинг, агрардык инженерия, курулуш, билим берүү», — деп билдирди уюштуруучулар.
Ошону менен бирге белгилей кетсек, 2018-жылы кабыл алуу компаниясынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл топтогон абитуриенттер төмөнкү адистиктерге жана багыттарга гранттык окутуу боюнча даярдоого кабыл алынган: программалык инженерия, дарылоо иши, продуктулар технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу, педиатрия, лингвистика (англис тили), психология, маалыматтык коопсуздук, колдонмо математика жана информатика, медициналык-алдын алуу иши, малдан алынган азыктар технологиясы жана өндүрүшү.