"1xbet" букмекердик кеңсесинин лицензиясы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди.
Депутат Мирлан Самыйкожо өлкө үчүн маанилүү окуяларда "1xbet" демөөрчүлүк кыларын айтып, демөөрчүлүктүн суммасын сурады. Марат Пирназаров учурда бул букмекердик кеңсе Кыргызстанда иштебей турганын белгиледи.
Депутат Эрулан Көкүлов Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо "1xbet" көкбөрү оюндарына демөөрчү экени жазылган чоң жарнамалык баннер турганын кошумчалады.
Экономика министринин орун басары Кыргызстанда кумар оюндарын жарнамалоого тыюу салынгандыктан, бул мыйзамсыз экенин билдирди.