2019-жылы кыргызстандыктардын орточо айлык акысы 246 долларды түзгөн

26.02.2020, 11:10 Акчабар
2019-жылы кыргызстандыктардын орточо айлык акысы 246 долларды түзгөн

2019-жылы бир ишкердин номиналдык айлык акысы 17 миң 166 сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 5,9 пайызга жогорулаган, ал эми колдонуучу индексин эске албагандагы реалдуу өлчөмү 4,7 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтарында айтылат.

Улуттук банктын расмий валюталар курсуна ылайык, бир жумушчунун орточо айлык акысы 246 долларды түзөт.

2019-жылдын декабрында 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу айлык акынын реалдуу дагы, номиналдуу дагы өлчөмүнүн өсүшү байкалган.

2019-жыл ичинде бюджеттик эмес тармактык жумушчулардын айлык акысы бюджеттик тармактагы жумушчулардын айлык акысынан 1,7 эсеге ашкан.

Орточо айлык акынын өсүү темпи транспорттук ишмердүүлүк, жүк сактоо тармагы жана маалымат менен байланыш тармактарынан башка  экономиканын баардык тармактарында байкалган.

Орточо айлык акынын эң көрүнүктүү өсүшү курулуш тармагында (12,2 пайызга), пайдалуу жер байлыктарын табуу тармагында (11,3 пайызга), мейманкана жана ресторандар тармагында (10,9 пайызга), суу менен камсыздоо, тазалоо, таштандыларды тазалоо жана экинчи деңгээлдеги чийики затты чыгаруу тармактарында (9,2 пайызга), билим берүү (8,9 пайызга), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүгү тармагында (8,7 пайызга) жана кыймылсыз мүлк менен иш алып баруу тармагында (6,3 пайызга) жогорулаган.

Тэги: орточо айлык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу