Быйыл апрель айында Орусияга 90 миңге жакын жеңил унаа алынып келинген. Анын 57,8 миңи жаңы, 31,6 миңи эски унаалар. Бул тууралуу Автостат сайты жазды.
Жаздын орто ченинде Орусияга жаңы жеңил унаалардын 94% Кытайдан алынып келинген. Ошентип, альтернативдик камсыздоо каналдарын (Армения, Казакстан, Кыргызстан ж.б.) акырындык менен “жабуудан” кийин, жаңы автоунаалардын дээрлик бардык импорту Кытайдан келген.
Калган өлкөлөрдүн ар биринин үлүшү 2%га жеткен эмес. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Тактап атканда, Кыргызстандан Орусияга төрт айда болгону 1,7% унаа реэкспорттолгон.
Жапония мурдагыдай эле колдонулган жеңил унааларды импорттоо түзүмүндө лидер болуп саналат, апрель айында 66%ды түздү, б.а. унаалардын жалпы санынын дээрлик үчтөн эки бөлүгүн түзөт.
Экинчи орунда 13,4% көрсөткүч менен Түштүк Корея турат. Ал эми Беларусь үчүнчү орунду ээлеген (9,3%). Кытай менен Грузия дагы импорттолгон эски автоунаалардын үлүшү боюнча ТОП-5 өлкөгө кирген.