2019-жылы 2018-жылга салыштырмалуу чет элдик инвестициялардын түз агымы 2.9 пайызга көбөйүп, 876.2 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен кабарлашты.
Белгиленгендей, агып келүүнүн деңгээли агып чыгуунун деңгээлинен 210.8 млн долларга ашкан (2018-жылы бул көрсөткүч 144 млн сомду түзгөн).