Мамлекеттик медмекеменин жетекчиси жеке клиникада иштей албайт

26.04.2024, 12:16 Акчабар
Мамлекеттик медмекеменин жетекчиси жеке клиникада иштей албайт

Мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталууда. Бул боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.

Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, жетекчи эки жакка иштеген учурда  кызыкчылыктардын кагылышуусуна жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келиши мүмкүн.

Мыйзам долбоор коррупциялык схемалардын пайда болуусун азайтууга, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жана саламаттык сактоо системасына коомчулуктун ишенимин жогорулатууга багытталат. 

“Мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилери көз карандысыз жана жеке клиникаларда иштөөдөн пайда табууга кызыктар эмес, өз мекемесинин кызыкчылыгына берилген жарандар болушу керек. Мындай кош жумушка тыюу салуу медициналык мекемелердин көз карандысыздыгын жана кесипкөйлүгүн сактоого жардам берет”, - дейт депутаттар. 

Тэги: мамлекет жеке клиника жетекчи мыйзам долбоор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу