2020-жылдан тарта оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдалангандарга айыппул салынбайт

30.12.2019, 17:07 Акчабар
2020-жылдан тарта оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдалангандарга айыппул салынбайт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн оң рулдуу унааларды пайдалануунун социалдык маанисин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмазбек Эргешовдун көрсөтүлгөн тыюу салуунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2025-жылга чейин жылдыруу жөнүндө демилгесин колдойт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Айрым унаа ээлеринин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын позициясы эске алынып, парламент тарабынан мыйзам долбоорунун тагдыры чечилгенге чейин 2020-жылдын 1-январынан тартып унаалардын бул категориясын айдоочуларга айып салбоо чечими кабыл алынды.

2020-жылдын 1-январынан баштап жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн автомобилдин огуна карата алганда рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди пайдаланууга айыппул салынбайт.

Тэги: унаа автоунаа оң рулдуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу