Чоң-Алай районунун Жалпы дарыгердик практика борборунда "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы жана жаңы рентген кабинети ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов катышты.
Белгиленгендей, жаңы рентген кабинетинин курулушу Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, дарыкана имараты демөөрчүлөрдүн каражатына курулду.