Элиталык үйлөрдүн 287 ээси мүлк салыгын төлөгөн эмес

06.04.2023, 12:43 Акчабар
Элиталык үйлөрдүн 287 ээси мүлк салыгын төлөгөн эмес

Мамлекеттик салык кызматы он күндүн ичинде мүлк салыгын төлөбөгөн 287 элиталык үй ээсин аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаары жана Чүй облусунун Аламүдүн району боюнча салык кызматынын кызматкерлери кыймылсыз мүлк салыгын төлөө боюнча VIP шаарчалардын тургундарын текшеришти.

"Он күндүн ичинде 799 турак жай текшерилди. Жыйынтыгында 287 менчик ээси 3,5 миллион сомдон ашык мүлк салыгын төлөбөгөн факты аныкталды, анын ичинен 109у турак жайга, 178и үйгө жанаша жайгашкан участокко салык төккөк эмес", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, жыл сайын 1-сентябрга чейин турак-жай салыгын жана үй, короо-сарай жана бакча жерлерине салык төлөшү керек. Мыйзамга ылайык, эгерде менчик ээси салыкты өз убагында төлөбөсө, салыктык милдеттенменин негизги суммасынан тышкары, административдик айыпты, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн айып төлөөгө аргасыз болот.

Тэги: новости Кыргызстана налоги налог на имущество ГНС КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу