350 даана чөнтөк телефондорду мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты.
«Баткен» бажы кызматкерлери тарабынан Баткендеги «Б.И.Ф.,» аттуу жарандын башкаруусундагы «Мерседес Бенц 1223» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп текшерилген.
Жыйынтыгында Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 350 даана чөнтөк телефон табылган.
Кармалган товардын жалпы наркы 545000 сомду түзөт.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.