Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы көбөйтүлөт

03.05.2024, 16:50 Акчабар
Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы көбөйтүлөт

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов билдирди. 

Ал белгилегендей, учурда фонд экономиканын ар кайсы тармагындагы 16 долбоорду көзөмөлдөйт.

“Жаңы кызматташтык долбоорлорун түзүү үчүн фонддун уставдык капиталын көбөйтүү пландалууда”, - деди ал.

Эске салсак, фондду түзүү боюнча келишимге 2021-жылдын март айында Ташкентте кол коюлган. Алгач анын уставдык капиталы 50 млн долларды түздү. Бара-бара аны 200 млн долларга чейин көбөйтүү пландалууда.

 

Тэги: Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду уставдык капитал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу