КР Өкмөтү менен Centerra Gold Inc. компаниясы ортосунда түзүлгөн Стратегиялык келишимдин алкагында келип түшкөн 5 млрд сом аймактарды колдоого жана жаңы өндүрүш ишканаларын ишке киргизүүгө багытталат. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда премьер-министр Ош облусундагы Араван районунун Интернационал айылындагы күнөскана комплексинин иши менен таанышуу учурунда билдирди.
Өкмөт башчынын айтымында, бул мүмкүнчүлүк дыйкандардын кирешесин көбөйтүүгө, кошумча жумуш ордун түзүүгө жана экономикалык кырдаалдын бекемделишине шарт түзөт.
Андан сырткары, Мухаммедкалый Абылгазиев дыйкандарды колдоо мультипликативдүү натыйжа бериш керектигин жана аймактарды өнүктүрүүнү шартташы зарыл экенин белгиледи.