2019 - жылы республикалык бюджеттен айлана-чөйрөнү коргоого 742 млн сом жумшалган. Чыгашалардын 53% (399 млн сом) бул тармакта эмгектенген кызматкерлердин айлык акысына жумшалган. Бул тууралуу финансы министрлиги билдирет.
Айлана-чөйрөнүү коргоо тармагында эмгектенгендердин таза эмгек акысы 347 млн сомду түзгөн. Социалдык фондко - 51.8 млн сом взнос катары бөлүнгөн. Андан сырткары, кызматкерлердин иш сапарларына 24.2 млн сом берилген.
Керектөөчү товар жана кызматтарга 252 млн сом бөлүнгөн.
Финансы министрлиги берген маалыматта, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өткөрүлгөн иш-чараларга бир дагы каражат бөлүнгөндүгү тууралуу маалымат жазылган эмес.