7-октябрда Эл аралык «Манас» аэропортун талап-тоноодон коргоо үчүн дээрлик 500гө жакын аба майдандын кызматкерлери чыгышты. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Авиациянын кызматкерлери дагы аэропортту коргоого чыгышкан. Башкы тапшырма — учактардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу.
Белгиленгендей, «Манас» аэропорту штаттык режимде иштеп жатат. «Манас» жана «Ош» аэропортундагы бардык эл аралык жана ички рейстер түзүлгөн расписаниеге жараша иш алып барууда.