70 миң ишкер профсоюздар жөнүндө мыйзамдын жаңы версиясына каршы

20.04.2021, 14:40 Акчабар
70 миң ишкер профсоюздар жөнүндө мыйзамдын жаңы версиясына каршы

70 миң киши президенттен "Кесиптик бирликтер жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясына вето коюуну өтүнүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан профсоюздар федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда мыйзамдын жаңы редакциясы президенттик администрацияда иликтенип жатат жана кол коюуга же каршылык билдирүү менен депутаттарга кайтарып берүү үчүн мамлекет башчысына жөнөтүлөт.

Ишкерлер бул мыйзамдын кабыл алынышы төө буурчактын, кийизден жасалган буюмдардын, балдын, кургатылган мөмө-жемиштердин сатылышына өбөлгө түзгөн ВСП + программасына Кыргызстандын катышуусуна таасир этиши мүмкүн деп жатышат.

Белгиленгендей, Кыргыз Республикасы менен ЕСтин ортосундагы жылдык соода жүгүртүү болжол менен 1 миллиард долларды түзөт, анын 100 миллионго жакыны ВСП + программасынын алкагында экспорттолот.

Эл аралык уюмдар жана кыргыз өкмөтү буга чейин бул долбоор боюнча терс корутунду бергенин кошумчалайбыз.

Тэги: экономика закон профсоюзы ВСП+

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу