Эртең «Достук-автожол» өткөрмө бекети жабык болот

07.10.2022, 17:37 Акчабар
Эртең «Достук-автожол» өткөрмө бекети жабык болот

Эртең, 8-октябрда саат 10:00дон 13:00гө чейин “Достук-автожол” көзөмөл өткөрмө пунктунда транспорт каражаттарын, адамдарды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Буга 8-октябрда мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде жайгашкан “Достук-автожол” өткөрүү пунктунун жаңы инфраструктурасынын расмий ачылыш аземи себеп болгону айтылды.

“Өткөрүү пункту толук модернизациядан өттү. “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда чек ара көзөмөлүн тездеткен, жөнөкөйлөштүргөн жана ошол эле учурда эффективдүү ишке ашыруу үчүн техникалык модернизациялоо, бизнес-процесстерди кайра карап чыгууну жана санариптик технологияларды киргизүүнү караган инновациялык долбоор ишке ашырылат”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан улам УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды жана конокторду каттамдарын алдын ала пландап алууга чакырды.

Тэги: новости Кыргызстана достук КПП погран служба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу